• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Элчи Кемелова «KT Corporation» компаниясынын директору менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова «KT Corporation» глобалдык бизнес тобунун аткаруучу директору Ёнг Сам Ким мырза менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар коронавирус боюнча кырдаал жөнүндө пикир алмашып, жакынкы убакытта мамлекеттер бул коркунучту жеңип соода-экономикалык кызматташууну уланта алышат деп үмүттөнүштү.

Элчи жана «KT Corporation» делегациясынын башчысы мамлекеттик жеке өнөктөштүк принцибинин негизинде электрэнергияны бөлүштүрүүнү автоматташтыруу жаатында долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Элчи кореялык компанияга Кыргызстандын экономикасынын ар кыл тармактарына активдүү инвестициялоону сунуштады.

Ошондой эле элчи Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен, тиешелүү жабдууларды Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Аткаруучу директордун айтымында, учурда «KT Corporation» Борбордук Азияда энергетика тармагындагы инфраструктураны жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырып жатат.

Пикир

Оставить комментарий