• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын курама командасы фехтование боюнча эл аралык турнирде жакшы жыйынтык көрсөттү

Спорт 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Ташкент шаарында фехтование боюнча Өзбекстандын ачык кубогу өтүп, анда Кыргызстандын курама командасы жеңиштердин саны боюнча айырмаланды. Бул тууралуу аталган спорттун түрүнүн федерациясынан билдиришти.

Турнир 4нөн 10-октябрга чейин өтүп, ага Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын күчтүү командалары катышты.

“Биздин спортчулар үчүн бул эл аралык турнир утуп алынган медалдардын саны боюнча аябай түшүмдүү болду”, - деп билдиришти ведомстводон.

Мелдештердин жыйынтыгы боюнча курамында Жумабай уулу Даанышман, Абдурахман уулу Кубатбек, Маткеримов Назарбек, Меркун Данил болгон эркектердин курама командасы топтук мелдеште алтын медаль утуп алышты. Ошондой эле Жумабай уулу Даанышман жеке эсепте коло медалдын ээси болду.

Өз кезегинде кыздардын курамасы 19 команданы арттка калтырып, биринчи орунду багындырышты. Анын курамында Абдыл-Хамитова Камиля, Екатерина Геттуева жана Кристина Нищук болгон.

Жеке эсепте Абдыл-Хамитова Камиля чемпион болду. Жыйынтыгында алар чоңдор арасында оюндарга катышып, күмүш медаль утушту. Жеке мелдештерде Екатерина Геттуева коло медалды багындырды.

КРнын курама командасы жалпысынан 13 медаль утту, анын 8и алтын, үчөө күмүш, экөө коло медалдар.

Пикир

Оставить комментарий