• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРнын Кувейттеги элчилиги “Kuwait Market 2020” аттуу иш-чарага катышты

Коом 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги Кувейт мамлекетинин Улуттук күнү майрамына карата уюштурулган “Kuwait Market 2020” аттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарларды.

Аталган иш-чара 2020-жылдын 15-февралында өтүп, ага Кувейтте аккредитацияланган 40тан ашуун дипломатиялык өкүлчүлүктөр катышты. Ал Фарвания провинциясынын жетекчилиги тарабынан уюштурулган.

Кыргызстандын туризм, өндүрүш жана экспорттук потенциалын, ошондой эле маданиятын жайылтуу максатында, иш-чаранын конокторуна элчилик кыргыз тоо балын, кургатылган мөмөлөрдү, чөп-чайларды, сувенирлерди, кийимдерди, ошондой эле эки өлкө ортосунда ачылган түз аба каттамга басым жасоо менен Кыргызстандын туристтик потенциалын тартуулады. Коноктор кыргыз улуттук тамак-аштарынан даам татышты.

Иш-чарага кувейттик окуу жайларда окуган мекендештер да көмөк көрсөтүп, активдүү катышты.

Пикир

Оставить комментарий