• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын Кувейттеги элчилиги Нооруз майрамына карата иш-чарага катышты

Коом 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Кыргызстандын Кувейт мамлекетиндеги элчилиги Кувейт мамлекетиндеги эл аралык аялдар уюму тарабынан уюштурулган Нооруз жаз майрамына карата майрамдык иш-чарага жана көргөзмөгө катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кувейтте катталган чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөр, Кувейт шаарынын жашоочулары жана өлкөнүн расмий жактары катышты.

Кыргызстандын павильонунда элдик кол өнөрчүлөрдүн буюм-тайымдары жана сувенирлер коюлган. Көргөзмөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу чакан китепчелер жана буклеттер таратылып, улуттук тамак-аштар тартууланды. Ошондой эле, мода көргөзмөсүндө кыргыз улуттук кийимдерин көрсөтүү уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий