• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - жол коопсуздугу эрежелерин түздөн-түз бузган адамдардын гана эмес, жол-транспорттук кырсыгына тиешеси бар башка катышуучулардын – жөө жүргүнчүлөр жана мындай транспорт каражатын эксплуатациялоого жооптуу адамдардын дагы жоопкерчилигин жогорулатуу аркылуу жол-транспорттук кырсыктарды кыскартуу.

Каралган жазалардын санын кыскартуу жана алардын мөөнөтүн жана көлөмүн конкреттештирүү жолу менен күнөөлүү адамды жоопкерчиликке тартууда коррупциялык тобокелдер азайтылат.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281(Кыймыл коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу), 284 (Мас абалындагы адамга же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга жол берүү) жана 285 (Транспорттун коопсуз ишин камсыз кылган эрежелерди бузуу) статьяларына киргизилген өзгөртүүлөр жазаны катаалдаштырат жана конкреттештирет.

Тактап айтсак, транспорт каражатын айдаган адам тарабынан транспорт каражаттарынын кыймылынын жана пайдалануунун коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес зыян келтирилсе, үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен үч эселенген айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Ушул эле жосун жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе же анын саламаттыгына оор зыян келтирсе, үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Транспорт каражатын башкаруучу адамдын жол транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кетүүсүнүн натыйжасында жол кыймылынын катышуучуларынын саламаттыгына оор залал келтирсе же болбосо жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе, үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен жети жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Алкоголдук, баңгилик же башка ар кандай мас абалындагы же болбосо транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга, мындай транспорт каражатын пайдалануу үчүн жооптуу адам тарабынан жол берилгенде, эгерде ал ушул Кодекстин 281-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн кесепеттерге (жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе же анын саламаттыгына оор зыян келтирсе, бир нече адамдын өлүмүнө) алып келсе, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч эселенген айыпка, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий