• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын кыздар курама командасы футбол боюнча Азия чемпионатынын акыркы тандоо турунда жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. КРнын кыздар курама командасы (U – 16) Азия-2019 чемпионатына тандоо оюндарынын акыркы турун жеңиш менен жыйынтыктады. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Кечээ Бишкекте Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Палестина-Кыргызстан футболдук оюну өттү. Оюндун жыйынтыгында кыргызстандык футболчулар атаандаштарынын дарбазасына 2 гол киргизип, 2:1 эсебинде утуп алышты.

Белгилей кетсек, D тобунан кийинки раундка өтүүгө жолдомо алуу үчүн 5 команда ат салышкан: Кыргызстан, Австралия, Кытайдагы Тайбэй, Индонезия жана Палестина.

КРнын курама командасы турнирдин жыйынтыгы боюнча квалификациянын 4-сабында орун алды.

Азия-2019 чемпионатынын экинчи тандоо цикли 23-февралда старт алат, анда 6 топтун жеңүүчүлөрү жана экинчи орунду алган эки мыкты команда ойношот.

Пикир

Оставить комментарий