• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КРнын маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жана Телерадиоуюмдардын ассоциациясы кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Бишкекте Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти менен Телерадиоуюмдардын ассоциациясынын ортосунда кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюу болду.

Документе “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Бактыгүл Нурузбаева жана КРнын Телерадиоуюмдарынын ассоциациясынын директору Авланбек Жумабаев тарабынан кол коюлду.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын айтымында, аталган макулдашуу Кыргызстандын санариптик телекөрсөтүүгө өтүшү жана телерадио көрсөтүү жөнүндө мыйзамдын толук күчүнө кириши менен негизделген.

“Сиздерге белгилүү болгондой, биз санариптик көрсөтүүгө өтүү абалындабыз. Ошол убактан бери көрсөтүү ландшафты өзгөрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата үч мыйзам күчүнө кирип, иштеп жатат. Бул мыйзамдар лицензия менен уруксат берген система, электрдик почта байланышы жана телерадиокөрсөтүү жөнүндө. Бул мыйзамдар аткарылышы керек болгон убакыт келди. Кыргызстанда санариптик көрсөтүүгө өтүүгө шарттар мурда эле түзүлгөн. Бизде эми төмөнкү телерадиокөрсөтүүнүн субъектилери бар – бул ишмердүүлүгү лицензияланбаган контентти өндүрүүчүлөр. Экинчи субъект – телекөрсөтүүлөрдүн программасын пакеттеген телерадиоуюм. Үчүнчүсү – көрсөтүүлөрдүн пакетин жайылтуу менен алектенген телерадиокөрсөтүүнүн оператору”, - деди ал.

Өз кезегинде Телерадиоуюмдарынын ассоциациясынын директору Авланбек Жумабаев билдиргендей, санариптик форматка өтүү менен көптөгөн көйгөйлөр айтылууда.

“Бүгүн биз баштап жаткан иш абдан оор. Биздин ассоциация – бул бир нече канал түзгөн юридикалык бирикме. Болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүү үчүн алдыга бир нече суроону койгонбуз. Алсак, телерадиоуктунууну жана атамекендик теле базарды өнүктүрүү, жарнаманы көзөмөлгө алуу. Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет бизге көмөк көрсөтөт”, - деп билдирди ал.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдиргендей, эгерде атамекендик телеканалдар бул Ассоциация менен тыгыз байланышса, жакшы жыйынтыктар болот.

“Сапаттуу берүүлөрдү чыгарабыз. Менин кесиптештерим билдиргендей, көптөгөн телеканалдар мыйзамдарды бузушат. Мисалы, мамлекеттик тил же этика боюнча. Туура эмес жарнамаларды жана тасмаларды беришет. Аларды көрүп биздин балдар тарбия алышат. Туура тарбия алуу үчүн мониторинг жана анализ жүргүзүү керек”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий