• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРнын мамлекеттик карызы дээрлик 4,4 миллиард долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын 31-августуна карата өлкөнүн ички жана тышкы карызынын жалпы көлөмү 4 миллиард 395,02 миллион АКШ долларын түздү. Бул тууралуу “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, карыздын өлчөмү ички дүң продукцияга карата 56,4 пайызды түзөт. Анын ичинен 86,4 пайызы же 3 миллиард 797,38 миллион АКШ доллары мамлекеттин тышкы карызы болуп эсептелет.

Ошондой эле, мамлекеттин тышкы карызына байланыштуу жүргүзүлгөн акыркы аудиттик текшерүүлөрдө көйгөйлүү маселелер аныкталганын айткан Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов: “Биринчиден мамлекеттик карызды эсепке алуу жана ага статистика жүргүзүү боюнча атайын бекитилген методология жок. Ага ылайык, сырткы карыздын көлөмүнө тиешелүү акыркы аудитте 637 млн. сом өлчөмүндө бурмалоо аныкталды”, – деп билдирди.

Эл өкүлдөрү алынган насыяларды эффективдүү пайдаланбагандыктан, максатталган иштер аткарылбагандан башка, өлкөнүн көз карандысыздыгына коркунуч жараткан көйгөйлөр да жаралып жатканын белгилешип, бул жаатта өкмөт тыкыр иш алып баруу керектигине токтолушту.

Жыйын алкагында депутат Акылбек Жапаров баяндама жасап, эгемендик жылдардан берки алынган карыздардын 27 пайызы ар кандай реформаларга жана сомду туруктуу кармоого кетсе, 25 пайызы жол курууга, 22 пайызы энергетика тармагына жумшалганын мисал кылды. Бирок көзгө көрүнөрлүк иштер жок экенин айткан эл өкүлү карыздардын кайда, кантип пайдаланылганын карап чыгуу зарылчылыгын кошумчалады.

Ал эми депутат Наталья Никитенко маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгып, кеңири талкуулоо керектигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий