• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын мамлекеттик катчысы: Биз 1916-жылдагы Үркүндү изилдөөнү улантышыбыз керек

Коом 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. «Биз 1916-жылдагы Үркүндү изилдөөнү улантышыбыз керек», - деп билдирди Үркүндүн 105 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев.

Ал өз сөзүндө кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуяларынын бири - 1916-жылдагы Үркүн экендигин айтты.

«Ачык айтуу керек, ошол учурда кыргыздар улут жок болуп кетүү чегине жеткен. Айрым маалыматтарга караганда, 300 миңге жакын, ал эми такталган маалыматтарга ылайык, 200 миңге жакын кыргыз каза болгон. Эл абдан оор абалда болчу. Бүгүн ошол окуялардын 105 жылдыгын ушундай жупуну шартта эскерип отурабыз», - деди ал.

Абыкеев учурдагы эпидемиологиялык абалга жараша чоң иш-чара өткөрүүгө болбой калгандыгын түшүндүрдү. Коомдук уюмдардын демилгеси менен ушундай иш-чара өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий