• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын медициналык окуу жайларын Пакистандын "кара тизмесинен" чыгаруу жолдору талкууланды

Билим 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистанга болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган өлкөнүн билим берүү жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Махмуд жана Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, баарлашуунун жүрүшүндө тараптар орто жана жогорку билим берүү, кесиптик билим берүү, эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Пакистан студенттеринин Кыргызстанда окутуу үчүн шарттарды жакшыртуу маселелерин жана Кыргыз Республикасынын медициналык университеттерин Пакистандын медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу жолдорун талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий