• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРнын медициналык ЖОЖдорун Пакистандын “кара тизмесинен” чыгаруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Кечээ, 4-февралда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Э.Бейшембиев Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары М.А.А.Куреши менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, анын ичинде парламенттер аралык деңгээлде жана эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын линиясы боюнча иш-сапарлар менен алмашуу, Covid-19га байланыштуу Пакистандын Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ошондой эле Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларын Пакистандын медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу маселелерин талкуулашты.

Элчиси Э.Бейшембиев болуп өткөн Кыргыз Республикасынын президентинин шайлоосунун жана мамлекеттик түзүлүш жөнүндө референдумдун жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жаңы курамын бекитүү, Кыргызстандын инвестициялык климаты, экономикалык жана туристтик потенциалы боюнча маалымат берди, пакистандык тарапка Борбордук Азиянын, ЕАЭБдин жана ЕБдин рынокторуна товарларды өндүрүү жана экспорттоо максатында ишканаларды түзүү үчүн Кыргызстандын транзиттик жана соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдаланууну сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий