• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын Новосибирсктеги башкы консулу Айбек Айдарбеков РФ ТИМдин өкүлү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Айбек Айдарбеков Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Николай Афонасов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус аймактар аралык мамилелерди өнүктүрүү маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Сибирь федералдык округунун аймактары менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы талкууланды.

Тараптар 2023-жылы боло турган соода-экономикалык кызматташтык, облус башчыларынын деңгээлинде өз ара сапарларды уюштуруу, диаспора бирикмелеринин катышуусунда маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын башкы консулдуктун консулдук округунда болушунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда маектештер актуалдуу маселелер жана алдыда боло турган иш-чаралар боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий