• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын Пакистандагы элчилиги Саламаттык сактоо министрлигине дары-дармектерди берди

Коом 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. 5-декабрда Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салмагы бир тоннадан ашык 18 миң долларлык дары-дармектер жана медициналык буюмдар Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө тапшырылды.

Элчилик «Educational Advisor» компаниясына Пакистандан Кыргызстанга жүк жеткирүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн, ошондой эле элчиликтин Пакистандагы Лахор университетиндеги өнөктөштөрүнө, «Брукс», «Хербион», «B4U» тобуна гуманитардык жүктөрдү чогултуудагы көмөгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Элчилик Ковид-19 вирусуна каршы күрөшүүдө гуманитардык жардамды тартуу боюнча жигердүү ишти уланта берет.

Пикир

Оставить комментарий