• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР рейтингинин төмөндүгүнөн Чехиянын экспорттук банкы Liglass Trading инвестицияларын камсыздандыруудан баш тарткан

Экономика 0


Нарын, 18-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Чехиянын экспорттук банкы Кыргызстандын төмөн рейтингинен улам «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясынын Жогорку Нарын ГЭС каскадына инвестицияларын камсыздандыруудан баш тарткан. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө «Liglass Trayding» компаниясынын директору Ержи Вайциховски билдирди.

“Биз аларга ушул жылдын башында камсыздандыруу үчүн кайрылганбыз, бирок алар баш тартышкан. Себеби, Чехиянын экспорттук банкы Кыргызстанды рейтинг боюнча тобокел өлкө катары карашат. Бирок, биз Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө деп эсептейбиз. Биз Кыргызстанга ишенебиз”, - деди ал.

Вайциховски Нарын ГЭСин инвестициялоо үчүн банктан насыя алышпаганын билдирди.

“Бизде инвесторлорубуздун акчасы бар”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий