• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын РФдагы элчилиги мигранттардын айылына байланыштуу маселе боюнча билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. КРнын РФдагы элчилигинин кызматкерлери “Ала-Тоо” кыргыз айылынын айланасындагы окуяга байланыштуу тиешелүү адамдар жана РФнын жарандыгын алган мекендештер менен жолугушкан. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда РФнын Тула облусунун Заокс районундагы Пахомо айылынын аймагында “Ала-Тоо” кыргыз айылынын айланасындагы окуя тууралуу КРнын РФдагы элчилиги төмөндөгүлөрдү маалымдайт:

2018-жылдын 3-июлунда элчиликтин кызматкерлери Заокс районундагы Клищино деген айылда жаңыдан курулуп жаткан “Ала-Тоо” айылынын тургундарынын аталган айылдын мыйзамдуулугуна байланыштуу кайрылуусу менен маселени талкуулоо максатында Заокс райондук администрациясынын башчысы Н.Н.Тимаков, “Сотый километр” риелтордук компаниянын өкүлдөрү, айыл тургундары – КРнын жарандары жана РФнын жарандыгын алган мекендештер менен жолугушкан.

4-июлда аталган айыл боюнча кырдаалдын өнүгүүсү тууралуу оперативдүү түрдө КРнын тышкы иштер министрлигине кабарлашкан.

“5-июлда КРнын РФдагы Атайын жана толук Ыйгарым укуктуу элчиси Б.Отунбаев РФнын тышкы иштер министрлигинин КМШ 3-Департаментинин директору А.Стерник менен жолугушууда аталган маселени көтөрүп, кырдаалды Тула облусунун өкмөтү менен талкууга ала тургандыктарын билдиришкен”, - деп айтылат маалыматта.

Ал ортодо 10-июлда Заокс районунун жергиликтүү депутаттарынын жыйынынын токтому менен Демидово райондук муниципалдык аймакты өнүктүрүүнүн башкы планын, ошол райондогу башка калк жайгашкан айылдардагы мыйзам бузууларга байланыштуу өзгөртүү тууралуу токтому жарыяланган.

Элчи Б.Отунбаев өз кегезинде Стерникке кырдаал боюнча кошумча маалымат берип, меселени элдин пайдасына чечип берүү өтүнүчүн билдирген.

“Элчилик аталган маселени чечүү максатында Заокс районунун Тула облусунун жетекчилигине бир нече жолу байланышкан. 23-июлда элчи Б.Отунбаев РФнын Тула облусунун Губернаторунун орун басары менен телефон аркылуу байланышып, жогоруда белгиленген Клищино айылында жаңыдан жайгашып жаткан кыргыз айылынын айланасындагы кырдаалды талкуулаган”, - деп билдиришти элчиликтин басма сөз кызматынан.

Элчилик аталган маселени тыкыр көзөмөлдөп турат жана кырдаал боюнча кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, Тула облусунун Заокс районунундагы Клищино айылынан 2017-жылы 400гө жакын этникалык кыргыз жер сатып алган. Алар жер тилкесин "Сотый километр" агенттигинен алышкан. Жер сатып алгандардын жарымы РФнын жарандыгын алышкан.

6-июль күнү райондук кеңештин депутаттары башкы планга киргизилген өзгөртүүнү жокко чыгарып, Клищино айылындагы жерлерди кайра айыл чарба категориясына которушат.

Пикир

Оставить комментарий