• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КРнын РФдагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын өмүр баяны

Коом 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Гүлнара-Клара Самат Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Гүлнара-Клара Самат 1963-жылы 20-августа Кыргыз ССРинин Ош областындагы Таш-Көмүр шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Саясий илимдердин кандидаты.

Эмгек жолун 1986-жылы Таш-Көмүр шаарындагы № 7 мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган.

1987-жылдан тартып 1991-жылга чейин СПТУ-74 баштапкы комсомол уюмунун катчысынан тартып Кыргызстан ЛКСМ БКнын диологиялык бөлүмүнүн инструкторуна чейинки жолду басып өткөн.

1995-2001-жылдары КМШ өлкөлөрү башкармалыгынын III катчысынын, андан соң Мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр тобунун (КР ТИМ) II катчысынын, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинин II катчысынын, кийинчерээк I катчысынын стратегиялык жана укуктук көйгөйлөрдүн эл аралык коопсуздугу башкы башкармалыгынын эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн кеңешчисинин кызмат орундарын ээлеген.

2001-жылдан тартып 2005-жылдын апрелине чейин КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультанты болуп саналган.

2005-2006-жылдары КРнын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчисинин кызматын ээлеген.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалган.

2006-жылдан тартып 2007-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институтунун директору.

2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын кызмат ордун ээлеген.

2018-жылдын майынан тартып азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн КМШнын Аткаруу комитетинин Грамотасы менен сыйланган, ошондой эле КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин ыраазычылыгы бар.

Россия Федерациясында биринчи жолу расмий уюштурулган “Кыргыз Биримдиги” кыргыз диаспорасынын демилгечиси жана анын уюштуруучуларынын бири.

КМШнын Абхазиядагы, Грузиядагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча оперативдүү тобунун жетекчиси.

Талас областынын Бакай ата районундагы Ак-Дөбө айылынын ардактуу жараны болуп саналат.

1-класстагы катчы деген 1-дипломатиялык рангы бар.

Пикир

Оставить комментарий