• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын РФдагы жана РФнын КРдагы кайчылаш жылынын алкагында 100гө жакын иш-чара пландалды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылынын алкагында Кыргыз Республикасында саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык багытта 100гө жакын иш-чара пландалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазив өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөргөн жыйында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2019-жылы Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын, Кытай Эл Республикасынын, Казакстан Республикасынын мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапарлары, Индия Республикасынын, Корея Республикасынын, Казакстан Республикасынын өкмөт башчыларынын расмий сапарлары болду. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны, ошондой эле Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны ийгиликтүү өттү. Донорлор конференциясы уюштурулду, республика тарыхта биринчи жолу 2023-жылга чейин ЮНЕСКОнун аткаруу кеңешинин курамына кирди.

«2020-жыл – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылы. Анын алкагында саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы 100гө жакын иш-чара пландалган. Бул инвестиция, туризм, маданият, билим берүү сыяктуу чөйрөлөрдү өнүктүрүүгө өз таасирин тийгизет. Муну менен бирге Тышкы иштер министрлиги экономикалык дипломатияны активдүү жүргүзүүгө тийиш. Биздин эмгек мигранттарыбыздын кызыкчылыктарын коргоо, социалдык коргоо шарттарын жакшыртуу, пенсия менен камсыздоо жана башка маселелерди чечүү Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, үстүбүздөгү жылы республика «EXPO 2020 Dubai» дүйнөлүк көргөзмөсүнө катышат, буга байланыштуу ушул маселени деталдуу иштеп чыгуу керек.

Пикир

Оставить комментарий