• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын Россиядагы элчиси Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат РФнын президенти Владимир Путинге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, ишеним грамоталарын кабыл алуу аземи бүгүн, 18-майда Кремлде өткөн.

«Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык алакалар чыңдалууда. Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых барактары бириктирип турат. Россия жана Кыргызстан соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү кызматташып келет. Биргеликте евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө салым кошууда. Ушул жана башка маселелер боюнча 24-майда Сочиде президент Садыр Жапаров менен болчу жолугушууда кеңири сөз кылабыз», - деп билдирген Путин элчилерден ишеним грамоталардын көчүрмөсүн кабыл алып жатып.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий