• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты коммерциялык банктардын акционерлерин банктын уставдык капиталын көбөйтүүнү өбөлгөлөө, чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана Кыргыз Республикасынын резиденти жана резиденти эмес инвесторлор үчүн бирдей укуктарды камсыз кылуу болуп саналат.

Аталган Мыйзамга ылайык:

— Дивиденддерди төлөбөстөн, уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы кирешени төлөө болуп саналбайт жана салыктык милдеттенменин келип чыгышына алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 165-беренеси (Жылдык жыйынды кирешенин курамы) 4-бөлүк менен толукталды.

— Дивиденддерди төлөбөстөн, салык төлөөчү тарабынан уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы, ошондой эле уставдык капиталды ушундай көбөйтүү менен байланышкан акцияларды ошол салык төлөөчүгө өткөрүп берүү кирешени төлөө болуп саналбайт жана салыктык милдеттенмелердин келип чыгышына алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 223-беренесинин (Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон Кыргыз Республикасындагы киреше булактан алган чет өлкөлүк уюмдун кирешелерине салынуучу салыкты кармап калуунун тартиби жана анын ставкасы) 3-бөлүгүнө толуктоо киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий