• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын самбо боюнча чемпиону Бекзат Жаныбеков бычакталды

Кырсык 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. КРнын самбо боюнча чемпиону Бекзат Жаныбеков Бишкекте бычакталып каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ыкчам кызматкерлердин маалыматына караганда, маркум жүргүнчүлөрдү өлкөнүн түштүгүнө ташуу менен алектенген. Окуя болгон күнү ал Кулиев-Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде унаасынын жанында жүргүнчүлөрдү чогултуп жаткан. Саат 11:30да ал өтүп бараткан адам менен айтышып, андан соң мушташа кеткен. Кылмышкер аны бычак менен сайган.

Бекзат Жаныбеков алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон.

Учурда шектүү 33 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну А.Б. кармалып, СИЗО-1ге камакка алынды.

Кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий