• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү

Экономика 0

Бишкек, 20.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисининин биринчи орун басары Досалы Эсеналиевдин (жумушчу тобунун жетекчиси) жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйында 2018-2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын жана Стратегиянын максаттарына жетүү боюнча иш-чаралардын Планынын долбоорлору менен таанышып чыгышты. Долбоорлор жумушчу тобунун мүчөлөрү тарабынан айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды.

Жогоруда айтылган Стратегиянын жана Пландын долбоорлору 2018-жылдын 26-июнуна болжолдонгон Коомдук диалогдун алкагында коомчулуктун талкуусуна сунуш кылынат. Коомдук диалогдун программасы да Жумушчу топ тарабынан талкууланды жана жактырылды

Пикир

Оставить комментарий