• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

«КРнын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол коюлду Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган. Конституциялык мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин статусу, түзүү тартиби, уюштурулушу жана иш аракети аныкталат.

Аталган мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”, ушул конституциялык мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган компетенциясы менен, Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин укук улантуучусу болору каралган.

Белгилей кетсек, мыйзам менен үчтөн экисинен аз эмеси судьялардын эсебинен куралган Кеңештин курамынын саны өзгөрдү (12 мүчөсүнүн ордуна 9). Анын үчтөн бир бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү түзөт.

Пикир

Оставить комментарий