• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын Түркиядагы элчилиги Анкаранын Чубук районунда өткөн эл аралык фестивалга катышты

Маданият 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. 2019-жылдын 6-сентябрында Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анкара шаарынын Чубук районунда жыл сайын өтүүчү Маданият жана консерваланган жашылча-жемиштер эл аралык фестивалына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Чубук районунун мэри Б.Демирбаш, Түркиянын парламентинин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттары, Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын жетекчисинин орун басары М.Э.Акбашоглу, ошондой эле Чубук районунда жашаган этникалык кыргыздар катышты.

Иш-чарада КРнын эл артисти К.Абыловдун тобунун жана Анталья шаарындагы кыргыз диаспорасынын ичиндеги кыргыз таланттарынын катышуусу менен концерт тартууланды.

Ошондой эле Кыргызстан тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштар жана элдик – кол өнөрчүлүк искусствосунун буюмдары коюлду.

Пикир

Оставить комментарий