• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын Түркиядагы элчилиги жарандардын консулдук каттоодон өтүү керектигин эскертет. Видео

Коом 0


Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилиги жарандардын консулдук каттоодон өтүү керектигин эскертет.

КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, консулдук каттоонун негизги максаты - Түркиядагы кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, натыйжалуу консулдук кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле Түркиядагы кыргыз жарандарынын конституциялык, анын ичинде шайлоого катышуу жана башка. укуктарын колдонуу үчүн тизме түзүү.

Консулдук катоо үчүн элчиликке төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

1. Катталуу карточкасы (ЖҮКТӨӨ),

2. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту,

3. 3x4 өлчөмдөгү бир сүрөт,

4. Каттоо акысыз.

Элчиликтен кабарлашкандай, катталуу үчүн аралыктан да арыз берүүгө болот. Бул үчүн жогорудагы документерди сканерлеп, элчиликтин kgembassy.tr@mfa.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий