• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын Түркиядагы элчиси ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Касеинов менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Дюсен Касеинов жана КРнын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар КР менен ТҮРКСОЙдун ортосундагы кызматташуу, ошондой эле 2019-жылдагы биргелешкен иш-чаралар, Ош 2019-жылдагы “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланыша байланыштуу өтө турган иш-чаралар тууралуу сөз кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий