• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРнын Түркиядагы Кайсери шаарындагы ардактуу консулу Мустафа Курт эскерилди

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы Кайсери шаарындагы ардактуу консулу Мустафа Курттун элесине арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маркумду эскерүү иш-чарасы Түркиядагы этникалык кыргыздар тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага элчиликтин кеңешчиси Айбек Акаев, Гөлбашы муниципалитетинин мэри Рамазан Шимшек, мэрдин орун басары Огуз Каан Танрыверди, Гөлбашы районунун өкүлдөрү, Казакстан элчилигинин өкүлдөрү, Мустафа Курттун үй-бүлө мүчөлөрү, кыргыз студенттери жана Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Түркиядагы этникалык кыргыздар катышты.

Иш-чаранын алкагында Ван, Измир, Йозгат жана Чубук муниципалитетинде жашаган этникалык кыргыздардын командалары катышкан турнирдин жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө сыйлоо аземи болуп өттү.

Мындан тышкары, мульти-инструментал Нурланбек Нышанов жетектеген кыргыз артисттеринин катышуусунда концерт өткөрүлүп, кыргыз боз үйү орнотулуп, улуттук буюмдар (костюмдар, зер буюмдар, идиштер, сувенирлер ж.б.) жана улуттук тамак-аштар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын аягында конокторго жана турнирдин катышуучуларына ыраазычылык такталары тапшырылды.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын майында Кыргызстандын Түркиядагы Кайсери шаарындагы ардактуу консулу Мустафа Курт коронавирустан каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий