• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын Тажикстандагы элчилигинде «Эне тилим –Эне сүтүм» иш-чарасы өттү

Маданият 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. 2019-жылдын 11-октябрында Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган «Эне тилим –Эне сүтүм» аттуу маданияттык иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарага Душанбе шаарынын ЖОЖда окуган Кыргызстандык студенттер жана диаспоранын өкүлдөрү катышкан.

Мааракелик иш-чарада Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы элчилиги кыргыз маданияты менен тилин сактоонун, кийинки муунга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле мамлекеттик тилдин статусу жана анын өнүгүшүнүн абалы тууралуу катышуучуларга маалымдаган.

«Өз учурунда кыргыз студенттери кыргыз акындарынын ыр-саптарынан окуп беришип, мектеп окуучулары «Эне тилим-эне сүтүм» аттуу темада сүрөттөрүн тартуулашкан, иш-чаранын аягында аларга Чынгыз Айтматовдун кыргыз тилинде жазылган китептери белек катары берилген», - деп билдиришти КР ТИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий