• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРнын Тажикстандагы элчиси Рустамбеков Баткенге иш сапары менен келди

Аймак 0

Бишкек, 27.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков Баткен облусуна иш сапары менен келип, облустагы өкүлчүлүктүн орун басары Чынара Саттарова жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын кызматташуусун чыңдоого багытталган маселелер талкууланды. Ошол эле учурда эки элдин ынтымагын, достугун бекемдөө жаатындагы иш чараларга өзгөчө маани берүү керектиги белгиленди.

Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринин жүрүшүнө көмөктөшүү менен айрым маселелерди жергиликтүү деңгээлде, сүйлөшүү жолу менен чечүү, тактала элек чек ара аймактарындагы коомдук абалды ар дайым көзөмөлгө алуу, эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссияга сунуштар менен кайрылуу боюнча маселелер макулдашылды.

Элчи иш сапарынын жүрүшүндө Баткен жана Лейлек райондорунун чек аралаш аймактарында болуп, көйгөйлөр менен жеринде таанышып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий