• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек Якутияда мыйзам сактап жүргөн кыргыз жарандардын коопсуздугун камсыздоону өтүнөт

Коом 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 17-март күнү Саха Республикасындагы (Якутия) Кыргызстандын жараны шектелип жаткан кылмышты айыптайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташуу жана абалды Кыргызстан менен Россия элдеринин ортосундагы шериктештик жана достук маанайда жөнгө салуу үчүн Якутск шаарына кыргыз мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жиберилгенин белгилейт.

"Министрлик кылмыш иш объективдүү жана калыс иликтенишин күтөт. Ошондой эле Саха Республикасынын (Якутия) тийиштүү органдарынан Кыргыз Республикасынын ак ниет жана мыйзам сактаган жарандарынын коопсуздугун камсыздоону өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.

Якутск шаарында Кыргызстандын жараны жергиликтүү аялды зордуктаган деп айыпталууда. Ал күнөөсүн мойнуна алганы, кылмышка көмөктөшкөн башка эки адам дагы кармалганы кабарланууда.

Бул жагдай жергиликтүү эл арасында коомдук резонанс жаратты. Дүйшөмбү күнү Якутск шаарынын миңдеген тургундары катышкан митинг өттү.

Чогулушка катышкан Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева мыйзамсыз жүргөн мигранттар менен күрөшүүнү убада кылып, чет өлкөдөн келген жарандардын документтерин текшерүүнү тапшырды.

Якутск шаарынын тургундары топ болуп мигранттар иштеген жайларга барып, коркутуп, соода түйүндөрүнүн жабылышын талап кылууда.

Бул окуядан кийин жергиликтүү тургундар тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган эки адамга кол салынганы айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий