• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«КРнын Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» КР мыйзамына кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, КР Улуттук банкы пайдасын республикалык бюджетке чегерүүнү тѳмѳнкүдѳй тартипте жүзѳгѳ ашырууга тийиш:

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча–жүз пайыз ѳлчѳмүндѳ;

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча–токсон пайыз ѳлчѳмүндѳ.

КР Ѳкмѳтү 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча КР Улуттук банкынын республикалык бюджетке чегерилүүчү пайдасынын 256 527 300 сом ѳлчѳмүндѳгү он пайызын Мамлекеттик бюджеттик резервге жѳнѳтүшү керек.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

Маалымат катары:

КР “КР Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 34 мыйзамынын 1-беренесинин ченемдерине ылайык, КР Улуттук банкынын республикалык бюджеттин кирешесине которулууга тийиш болгон пайдасынын өлчөмү жетимиштен токсон пайызга өзгөртүлгөн.

Жогоруда аталган мыйзамдын 2-беренесинин ченемдерине ылайык, ал 2019-жылдын 30-апрелине чейин иштеген, б.а. 2017 жана 2018-жылдардын жыйынтыгы менен Улуттук банктын пайдасын бөлүштүрүүдөн келип чыккан чегерүүлөрдү республикалык бюджетке которууда анын ченемдери колдонулган.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам 2019-жылдын 30-апрелинен тартып күчүн жоготту, демек, Улуттук банктын пайдасын бөлүштүрүүдөн келип чыккан чегерүүлөрдүн республикалык бюджетке которула турган өлчөмү азыркы учурда жетимиш пайызды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий