• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КРнын Улуттук банкы III ДКОго карата коллекциялык тыйындарды чыгарды

Экономика 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы күмүш жана жез-никелден жасалган “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Улак тартыш” коллекциялык тыйындарын жана жез-никелден жасалган “Кыргыз каганатынын доору” сериясындагы “Кыргыздардын турагы – боз үй” тыйынын жүгүртүүгө киргизди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Улак тартыш” коллекциялык тыйыны спорттун этникалык түрлөрүн жайылтуу жана кайрадан жандандыруу максатында чыгарылган.

Улуттук банктын нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Медина Аширалиева белгилегендей, тыйындын бетинин негизги сюжети улак менен атчан киши.

“Оюндун динамикасын бара-бара тоолордун сөлөкөттөрүнө айланган сызыктар чагылдырып турат. Тыйындын жогорку бөлүгүндө ДКОнун логотиби жана тыйындын аталышы “Улак тартыш” жазуусу жайгаштырылган. Тыйындын сол жагында атчан кишинин жана кызыгуу менен ойноп жаткан оюнчулардын тобунун иллюстративдик караандары түшүрүлгөн. Күмүш тыйындын оң жагында анын салмагы (31,10г) жана металлдын сынамыгы (Ag925) көрсөтүлгөн. 10сомдун номиналы анын төмөнкү бөлүгүндө көрсөтүлгөн. Арткы тарабында борборунда КРнын герби чагылдырылган. Төмөнкү бөлүгүндө анын чыккан жылы (2018) көрсөтүлгөн”, - деди ал.

“Кыргыздардын турагы – боз үй” коллекциялык жез-никель тыйыны” кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарын жайылтуу максатында чыгарылган.

“Тыйындын бет жак тарабынын негизги сюжети боз үйдүн сүрөтү. Тыйындын үстүңкү бөлүгүндө “Боз үй” деген жазуу жайгаштырылган. Ал эми төмөнкү бөлүгүндө тыйындын номиналы, КРнын расмий акча бирдигинин баш тамгасынан жана улуттук валютанын туруктуулугун билдирген астын сызуудан турган сомдун белгиси көрсөтүлгөн. Арткы бетинде тыйындын борборунда КРнын герби жайгаштырылган. Жогорку бөлүгүндө “Улуу кыргыз каганаты” жазуусу жазылган. Төмөнкү бөлүгүндө тыйындын чыккан жылы (2018) көрсөтүлгөн”, - деп кошумчалады ал.

“Улак тартыш” күмүш тыйыны 2900 сом турат, жез-никелден жасалган тыйын 700 сом турат. Ал эми “Кыргыздардын турагы – боз үй” 450 сомду түзөт.

Маалым болгондой, коллекциялык тыйындар өлкөнүн бардык облустарындагы Улуттук банктын кеңселеринде сатылууда. Андан сырткары III ДКО учурунда Чолпон-Атадагы ипподромдо коллекциялык тыйындарды сатуучу жер орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий