• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын Улуттук китепканасынын директору Франциянын сенатынын медалы менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Франциянын сенаторлор делегациясы А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Француз адабияты борборуна келип кетишти.

Китепкананын басма сөз кызматынын маалыматында, француз делегациясынын башчысы Ив Поццо ди Борго КР Улуттук китепканасынын директору Жылдыз Бакашовага Франция Сенатынын маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана Кыргызстанда француз маданияты менен адабиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн медалын тапшырды.

Улуттук китепканада Француз адабияты борбору 2001-жылдан бери иштейт. Борбордун фонду 11 миң басылманы түзөт. Мында француз жазуучуларынын чыгармаларына байланыштуу ар кандай иш чаралар өтөт.

Пикир

Оставить комментарий