• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө квалификацияны көтөрүү курстары аяктады – КК БШ

Коом 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. КРнын Куралдуу күчтөр башкы штабынын (КК БШ) күжүрмөн даярдык борборунун базасында жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын шаар мэрлери үчүн КРнын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө квалификацияны көтөрүү боюнча кыска мөөнөттүк курстар аяктады. Бул тууралуу КК БШнын басма сөз кызматы билдирди.

КР КК БШнын башчысынын биринчи орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Анарбек Абдрахманов салтанаттуу түрдө катышуучуларга жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан курстан өткөндүгү тууралуу сертификаттарды тапшырды.

Бул жылы курстун программасында өзүнүн компетенциясынан тышкары улуттук коопсуздукту камсыздоо, андан тышкары бирдиктүү иш-чараларды аткарууда мамлекеттик администрациялардын ролун аныктоо маселелерин жөнгө салган КРнын укуктук-нормативдик актыларын окуп-үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Окутуунун негизги максаты өз ара аракеттерди уюштуруу, Куралдуу күчтөрдү, мамлекеттик органдардын күчтөрүн жана каражаттарын, мамлекеттик улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын ыкчам башкаруунун негиздерин үйрөнүү болгон.

Ушундай эле курстар 2017-жылы 27-31-март аралыгында түштүк аймакта өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий