• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРнын валюта рыногунда АКШ долларынын жетишсиздиги жок - Нурбек Жеңиш

Экономика 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Биздин өлкөнүн валюта базарында накталай эмес АКШ долларынын жетишсиздиги жок. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында КР улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айтымында, зыркы учурда өлкөбүздүн валюта рыногундагы жагдай, негизинен, соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн валюта рынокторундагы абал менен шартталган. Акыркы айларда Кыргызстанда нак чет өлкө валютасына талап жогорулагандыгы байкалууда, буга АКШ жана Евроаймактын борбордук банктары Россияга нак АКШ долларын жана еврону берүүнү токтотушу себеп болууда.

"Нак АКШ долларынын тартыштыгы башка өлкөлөрдө да байкалууда. Учурда нак АКШ долларынын тартыштыгына, негизинен, нак эмес АКШ долларынын наркынан жогору болушу себеп болууда. Ошондой эле азыркы учурдагы нак АКШ долларынын жетишсиздигинин кошумча факторлорунан болуп, айрым жактардын (адамдардын) алып-сатарлык жол менен пайда алуу максатында операцияларды жүргүзүүсү саналат. Бул биздин региондун өлкөлөрүнүн валюта рыногундагы нак жана нак эмес АКШ долларынын наркынын ортосундагы айырмага байланыштуу келип чыккан", - деди ал.

Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана кризистик жагдайлардын кесепетин жөнгө салуу максатында, Улуттук банк тарабынан кризиске каршы бир катар чаралар көрүлгөн, анын ичинде:

- Акча которуу системалары боюнча акча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине («Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелер») өзгөртүүлөр киргизилген. Натыйжада, Кыргыз Республикасына эл аралык акча которуу системалары боюнча келип түшкөн акча каражаттары жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же болбосо улуттук валютада – сом түрүндө гана берилет. Ошол эле учурда эл аралык акча которуу системалары боюнча келип түшкөн акча каражаттары нак формада берилишине же банктык эсепке, Кыргыз Республикасы тарабынан чыгарылган банктык төлөм картына же болбосо электрондук капчыкка чегерилишине карабастан, банк тарабынан нак чет өлкө валютасын алмашуу үчүн белгиленген курс боюнча конвертацияланууга тийиш;

- коммерциялык банктар, алмашуу бюролору жана микрокаржылоо уюмдары тарабынан өлкө чегинен тышкары нак АКШ долларын чыгарып кетүүгө тыюу салууну белгилөө;

- коммерциялык банктар жана алмашуу бюролору ортосунда валюталык алып-сатарлыкты жана алдын ала сүйлөшүп алууларды алдын алуу максатында, коммерциялык банктардын алмашуу бюролору менен алардын жүгүртүү каражаттарынын суммасынын чегинде алмашуу операциялары чектелген.

"Жалпы алганда, көрүлгөн чаралар соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн валюта рынокторунда алып-сатарлык пайданы – нак жана нак эмес АКШ долларынын наркындагы айырманын эсебинен алынган пайданы сатуу максатында нак АКШ долларынын агылып чыгуу агымын токтотууга мүмкүндүк берди", - деди Нурбек Жеңиш.

Ал натыйжада, бүгүнкү күндө банк системасында АКШ долларынын жалпы көлөмү өсүү тенденциясын көрсөтө баштаганын кошумчалады.

"Өлкөбүздүн валюта рыногунда нак эмес АКШ доллары тартыш эмес, коммерциялык банктар нак эмес АКШ долларына талаптын кандай болбосун көлөмүн канааттандырууга даяр. Ал эми нак АКШ долларына көбүнчө көмүскө экономиканын субъекттери тарабынан талап түшүүдө, алар реалдуу кирешесин чагылдыруудан качып, нак эсептешүүнү колдонушат. Ошентип, нак эмес эсептешүүнүн аныктыгын, коопсуздугун жана ачык-айкындыгын эске алуу менен эсептешүүнүн ушул ыкмасын гана колдонууну сунуштайбыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий