• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мелис Сейитказиев дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Кечээ, 16-декабрь күнү, 75 жаш курагында Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мелис Сейитказиев дүйнө салды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Ал машыктыруучулук ишмердигинин алкагында бир катар спортчуларды тарбиялап, өлкөдө волейболдун өнүгүшүнө зор салым кошуп келген. Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер жана эркектердин курама командаларынын азыркы капитандары Мелис Сейитказиевдин тарбиялануучуларынын бири.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жамааты, Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы жана өлкөнүн спорт коомчулугу агайдын үй-бүлөсү жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Мелис Сейитказиев 17-декабрда Балыкчы шаарында (Ысык-Көл облусу) жерге берилди.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мелис Сейитказиев 1945-жылдын 21-июнунда Баткен облусунда төрөлгөн.

1975-жылдан тарта Балыкчы шаарындагы В.В.Ленин атындагы №4 мектеп-гимназияда дене тарбия мугалими болуп 45 жыл эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий