• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРнын волейбол курамасы топтук мелдештин жыйынтыктоочу оюнунда Непалдын командасын жеңди

Спорт 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Кечээ Кыргызстандын волейбол курама командасы 2017-жылы Азиянын 3-чемпионатынын топтук мелдешинин жыйынтыктоочу оюнунда Непалдык волейболчуларды утту. Мелдеш Мале шаарындагы Мальдив аралдарында өтүп жатат.

КРнын волейбол федерациясы билдиргендей, биринчи партияда 20:25 эсебинде утулган кыргыз волейболчулары калган партияларда каршылаштарынын жеңүүсүнө таптакыр мүмкүнчүлүк калтырышкан жок.

Жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курама командасы 7 упай менен топтук турнирде 2-орунга чыкты.

“Бүгүн, 28-мартта кыргыз командасы кайрадан Непал курамасы менен беттешет, бирок бул жолу финалга чыгуу үчүн. Оюн Бишкек убактысы боюнча 17:00до башталат. Ал эми 30-мартта бүгүнкү оюндун жеңүүчүсүн 2017-жылдагы Азиянын 3-чемпионатынын финалдык беттешинде Түркмөнстандын командасы күтүп турат”,-деп билдирди федерациядан.

Пикир

Оставить комментарий