• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРнын Өзбекстандагы элчилиги президенттик шайлоого даярданып жатат

Шайлоо 2017 0

Ташкент, 20.09.17 /Толонбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоого кызуу даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысына КР элчилигинин алдындагы участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Шамил Кайкиев билдирген.

Анын айтымына караганда, биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоодо турган КР жарандары шайлоого катышып, өз добуштарын бере алышат.

“Ар кандай себептерден улам Өзбекстандын аймагында жүргөн 600 жакын кыргыз жараны 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Ташкенттеги элчилигинин имаратында жайгашкан шайлоо тилкесине келип, өз добуштарын бере алышат”,-деди ал.

Учурда Элчиликте шайлоого карата уюштуруу иштери жүрүп, Өзбекстандын аймагында жашаган кыргыз жарандары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

“Президенттик шайлоого биздин жарандар активдүү катышат деп ишенем”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий