• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КРнын жаңы Конституциясы жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу. Эмне жаңылыктар?

Аналитика 0

Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель фонду “Кыргыз республикасынын жаңы Конституциясы жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. Эмне жаңылыктар?” аталышында тегерек стол өткөрдү. Иш-чарага КР Жогорку Кңешинин депутаттары, өкмөттүн, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы эксперттер, андан тышкары, фонддун магистранттары катышты.

Борбордук Азиядагы Зайдель фондунун башчысы доктор Макс Георг Майер өзүнүн куттуктоо сөзүндө бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жаткан мамлекетти башкаруу формасы маселеси Кыргызстан элинин гана ыйгарым укугу экенин белгиледи. “Фондго Кыргызстандын эли башкаруунун кайсыл формасын тандаганы маанилүү эмес, бирок уюм кыргыз элинин каалаган чечимин кабыл алат жана сыйлайт жана Кыргызстан менен анын өнүгүүсү үчүн кызматташууну улантат”,-деди ал.

Фонддун башчысы Кыргызстан дүйнөгө өзүнүн демократиялык баалуулуктары, тарыхый көчмөн маданияты, андан тышкары, аймактагы демократиянын аралы катары белгилүү экенин кошумчалап, кыргыз эли ар дайым жана бардык жерде өз принциптерин, көз карашын ачык айтып келет жана ар дайым аны коргойт деди. Доктор Майердин айтымында, бул Кыргызстанды башка коңшу мамлекеттерден айырмалап турган белгиси болуп саналат. “Ак калпактуу кайраттуу жана тайманбас, ишенимдүү ат чапкан жигиттер бул – Кыргызстан, эгемендүүлүктүн жана эркиндиктин символу”, - дейт ал.

Фонддун башчысы Кыргызстандын Freedom Hous бейөкмөт уюмунун “Дүйнөдөгү эркиндик 2021” рейтингинин төмөндөшүнө алып келген айрым саясий процесстерге тынчсыздануусун билдирди. Ошондуктан ал өлкөдөгү башкаруу натыйжалуу жана рационалдуу болуш керек деп эсептейт.

Ошондой эле доктор Майер жаңы Конституциянын долбооруна көңүл буруп, Элдик курултайдын так функциясы жазылбаганына токтолду. Ал фондун башчысынын айтымында, өлкөнүн парламентинин функциясын кайталап калат. Ошондой эле ал тагырак иштеп чыгууну талап кылган башка учурларды бөлүп көрсөттү. “Мамлекеттик жана коомдук көйгөйлөрдү чечүү Конституцияга байланыштуу эмес, ал мыйзамды так аткаруу жана адилеттүү башкарууга байланыштуу. Башкаруу тутуму так, ыкчам, ачык, эң башкысы эл үчүн түшүнүктүү болуш керек”, - деп кошумчалады ал.

Сөзүнүн аягында доктор Майер бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, шаар жана райондордун функциясын күчтөндүрүү алгылыктуу болот, бул калктын көйгөйлөрүн жеринде натыйжалуу чечүүгө жол ачат, ошондо гана Кыргызстанды өнүктүрүү натыйжалуу болот деди. Ал ошондой эле, республиканын мамлекеттик башкаруу тутумунун коңшу Тажикстан жана Россияга окшош болушуна негиз боло турган чечимдерди кабыл албоону эскертти.

Crossroads Central Asia изилдөө институтунун президенти Шайырбек Жураев “Кыргызстан чындыгында эле демократиялык процесстердин борборунда турабы же туруксуздуктунбу?” деген темада бет ачар жасады.

Жураев Кыргызстандагы болуп өткөн окуяларды жараткан жана жарандардын көндүм жашоо образын өзгөрткөн 3кө жакын негизги окуя бар экендигин айтты. “Ар бир окуянын артында белгилүү мүмкүнчүлүктөр жана коркуу менен тобокелдиктер бар”, - деди Crossroads Central Asia изилдөө институтунун президенти.

Дүйнөдө гана эмес, Кыргызстандын өнүгүүсүндө олуттуу кыскартууга алып келген негизги окуялардын бири коронавирус болуп саналат. Пандемия өлкөдө көптөрдүн өмүрүн гана алып кетпестен, экономикага да олуттуу сокку урду. Өлкөдө 3-4 айдан бери күнүмдүк кирешеден көз каранды болгон жарандарга жашоо үчүн каражат табууга мүмкүнчүлүк бербей, алардын маанайына жана бийлик органдарына болгон мамилесине таасир этти. Ушундай шарттарда киргизилген карантиндин талаптарына баш ийбөө калктын мамлекеттик институттарга ишениминин каатчылыгынын көрсөткүчү болду. Ошондуктан Жураев октябрь окуялары пандемиянын, элдин бийликтен чарчаганын жана ага болгон ишенбестиктин көрүнүшү болду деп эсептейт. Ошондой эле, ал 2005, 2010 жана 2020-жылдардагы көчө каршылыгынан кийинки бийлик алмашууга бийлик өзү күнөөлүү, ал өлкөнү экономикалык жана саясий, ага ылайык мамлекеттин калкын каатчылыкка кептеди деп белгиледи.

Жураевдин пикири боюнча экинчи негизги себеп Конституцияны өзгөртүү болуп саналат. Эксперт белгилегендей, 2010-жылы мамлекеттин белгиленген курсуна карабай Кыргызстанда чыныгы парламентаризм болгон жок. “Ошондуктан, мурунку тажрыйбалар калк тарабынан терс кабыл алынганына карабастан, парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга кескин түрдө өтүү дүйнөлүк коомчулук үчүн түшүнүксүз болуп калды”, - дейт ал.

Эмне үчүн мындай окуялар болгон деген негизги суроолорго токтолуп, Жураев бул суроолордо бир нече негизги учурлар бар деп белгиледи. “Президенттик шайлоодон кийин кандай өзгөрүүлөр болот, жашоо өзгөрөбү же жокпу жана башкалар”, - изилдөө институтунун директорунун көз карашында башкы маселе болуп саналат.

Дагы бир суроо бийликтин алмашуусуна байланыштуу. Жураевдин айтымында, үчүнчү революция кийинки ушундай туруксуздукту олуттуу күчөтүп, мамлекет ушундай саясий жүрүм-турумду өөрчүтө турган деңгээлге жетиши мүмкүн. “Ошондуктан туруктуу негизде революция болуп турган жерде биз мамлекет боло алабызбы деген суроо туулат”, - дейт саясат талдоочу.

Үчүнчү маселе тышкы баалоо жөнүндө. Мисал катары Фридом Хаустун отчету келтирилген, анын жыйынтыгы Жураевдин айтымында, отчет даярдалган мезгилдеги чыныгы көрүнүштү ар дайыма эле чагылдыра бербейт, анткени ал декабрь айында, президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда түзүлгөн.

Жооп издөө тууралуу сөз кылып Жураев үч учурду көрсөтөт. Биринчиден, бул плюрализм, изилдөө институтунун директорунун айтымында ал кыргызстандыктарды бардык жакта коштоп жүргөн сөз эркиндиги сыяктуу эле Кыргызстанда жакшы өнүккөн.

Экинчи, бул саясатташтыруу, ал жалпыдан жеке адамга өтөт. Жураев белгилегендей, көпчүлүк учурда дискуссиянын жүрүшүндө эксперттер маселенин маңызын талкуулоодон оппоненттердин мотивдерине өтүшөт жана алар эмне үчүн так ошондой иш-аракет жасашканына токтолушат. “Саясий талкууларда бул терең жайылган көрүнүш, ал жакшы көрсөткүч болуп саналбайт”, - деди эксперт.

Үчүнчү көрүнүктүү учур Жураевдин пикиринде бул – прагматизм. Эксперттин айтымында, бул принцип ар кандай кырдаалда тең салмактуу жана нейтралдуу тарапты карманууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, ал прагматикалык суроолор азыркы учурда бизди тынчсыздандырган көптөгөн суроолорго керектүү жоопторду табууга мүмкүндүк берет деп белгилейт.

Ошондой эле презентацияда алдыга жылууга мүмкүнчүлүк бере турган негизги мүмкүнчүлүктөр, коркунучтар жана ойлор айтылды. Жыйынтыгында Жураев ар бир революциянын артында иштебеген мыйзамдар турарын белгиледи. “Ошондуктан иштебеген мыйзамдарды өзгөртүү үчүн Конституцияны өзгөртүү керек дегендердин жарым-жартылайы туура”,-деген Crossroads Central Asia изилдөө институтунун президенти зарылчылыктан кыянаттыкка жол дагы бат эле экендигин кошумчалады.

Кийинки талкуунун жүрүшүндө VI чакырылыштагы КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Кенжебек Бокоев Конституциялык кеңешме тарабынан ага берилген жаңы Баш мыйзамга карата сунуштар жөнүндө айтып берди. Эл өкүлүнүн сөзүнөн кийин, бийлик бутактарын тең салмакташтыруу үчүн аткаруу бийлиги мыйзам чыгаруу бутагынан өзүнчө болушу керек деген негизги билдирүү болгон. Бокоев ошондой эле мэрлерди жана айыл өкмөттөрдү шайлоо маселелеринде кыйыр шайлоодон түз шайлоого өтүү керек деген пикири менен бөлүштү.

Анын кесиптеши Аалы Карашев өз кезегинде өлкөнү башкаруудагы реформалар маселесиндеги 30 жылдык тарыхы жөнүндө айтып, анын жүрүшүндө президенттик башкаруудан парламенттик башкаруу формасына чейин өткөн. “Бирок алар коюлган максатка жете алышкан жок. Анын барынын негизги максаты эл үчун тиешелүү шарт түзүүболгону менен биз ага жете алган жокпуз. Эч ким эч нерсеге жооп беришкен жок. Эми эл өнүгүүгө үмүт кылып президенттик башкаруу формасын тандап алды”, - деген депутат көйгөй башкаруу формасында эмес экенин кошумчалады.

Карашев жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышы менен жүздөгөн жаңы мыйзамдарды кабыл алуу керектигин, ал эми кайра иштеп чыгууну талап кылган жана даярдануу учурунда эске алынбаган жерлерди тиешелүү мыйзамдарды кабыл алуу менен оңдоп-түзөөгө боло тургандыгын белгиледи.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тууралуу айтып жатып, депутат өлкөдө буга чейин болгондор иштер тууралуу эске салды, андан тышкары көп жылдардан бери ишке ашпай келген административдик-аймактык реформаны жүзөгө ашыруу зарыл экендигин белгиледи.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалар аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин өкүлү Султан Бакасов Баш мыйзамдын жаңы редакциясында өзүн-өзү башкаруу органдарына байланыштуу эмнелер козголгонун айтып берип, мындай жаңылыктардын себептерин түшүндүрүүгө аракет кылды.

Ал эмне үчүн Элдик курултай Конституцияга киргизилгенин жана мындай кадамдын себептери тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын жыйынтыгында доктор Майер тегерек столдун катышуучуларына ыраазычылык айтып, талкууланган маселелер, алынган маалыматтар жана презентация келген коноктор үчун пайдалуу болот деген ишенимин билдирди.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий