• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРнын жана БАнын жазуучулары дүйнөлүк адабиятка кадам ташташат

Коом 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Борбордук Азиянын ПЕН-клубу жазуучулардын ролун жогорулатып, алардын автордук укугу үчүн күрөшүүнү көздөөдө. Өзүнүн миссиясы тууралуу кененирээк аталган уюмдун өкүлдөрү бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиришти.

Жакында ПЕН-клуб Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн жазуучуларынын, Беларустун, Россиянын жана Украинанын жазуучуларынын катышуусунда съезд өткөргөн. Ал жерде өкүлчүлүктөрдүн ортосундагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын адабий дүйнөсү өзүнүн ширесинде кайнап жатат. Биз дүйнөдөгү адабий агымдарды, заманбап адабият кайсы жакка бара жатканын билбейбиз. Ушундан улам мындай иш-чаралар дүйнөлүк агым менен жүрүү үчүн биздин заманбап жазуучуларга керек”, - деди акын, сценарист жана режиссёр Далмира Тилепбергенова журналисттердин алдында сүйлөп жатып.

Бүгүнкү күндө Борбордук Азиянын ПЕН-клубуна 56 жазуучу кирет. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандын адабий дүйнөсүнүн өкүлдөрү. Андан сырткары уюмда Өзбекстандын, Тажикстандын жана Казакстандын жазуучулары бар.

“ПЕН – бул саясий эмес, укук коргоочу уюм. ПЕНдин негизги принциби адабият саясаттан өйдө турушу керек. ПЕНдин мүчөсү саясаттан өйдө болуп, өзүнүн аракеттерин жана калемин саясий агымга жагыш үчүн сатпашы керек. ПЕНдин негизги миссиясы – эркин ой жүгүртүүнү коргоо жана жазуучуларды дүйнөлүк коомчулукка бириктирүү”, - деди Тилепбергенова.

Өзүнүн ишмердүүлүгү учурунда ПЕН-клуб Борбордук Азиядагы жазуучуларды жана журналисттерди канат алдына алып, өзүнүн макамын бишкектик уюмдан аймактыкка чейин көтөрө алды.

ПЕН-клубдун ишмердүүлүгүндөгү дагы бир маанилүү учур – жаңы президентти шайлоо болду. 2007-жылдан бери Тилепбергенова бул кызматты аркалап келген. Жаңы президент болуп Осмонакун Ибраимов шайланды.

“Биз өлкөдөгү адабий ишмердүүлүктү каржылоо алсыз болуп жатканын, андагы кризис тууралуу бир эмес, бир нече жолу айтканбыз. Бирок биз китептер том менен чыгып жатканын көрүп жатабыз. Мунун баары Кыргызстандын адабий дүйнөсүндөгү мурунку жазуучулар баштаган башталышка байланыштуу. ПЕН-клубдун башкы милдети алардын жолун улантуу, - деди Ибраимов.

Клубдун жетекчилик кызматына отуруп жатып ал жакында уюм өзүнүн сайтын ишке берүүнү пландап жатканын билдирди. Ал жерде авторлордун эмгектери, алардын котормолору жарыяланып турат. Ошондой эле жазуучулардын интеллектуалдук менчикке болгон укугун коргоо, интеллектуалдык эмгеги үчүн сыйлык алуу укугун коргоо маселеси көтөрүлөт.

“Сый акы жок болгондуктан жазуучулар жокчулукта жашашат. Алардын кээ бирлери сыйлык алышат, бирок жазуучулардын негизги бөлүгү катаал жашоо шарты менен күн өткөрүшөт. Биздин иштерибиз көп, мындан тышкары саясий жарандык эркиндиктерди коргоо боюнча жумушубуз бар”, - деп пландары менен бөлүштү ал.

Маалымат жыйынынын катышуучулары клубга кирүүнү каалаган жазуучулар жана журналисттер анын курамында 5 жылдан кем эмес иштеген эки өкүлүнөн сунуштама алышы керектигин кошумчалашты.

Андан сырткары клубга кирүүнү каалаган адамдын электрондук жана жазуу түрүндөгү белгилүү эмгектери болушу керек. Кирүү үчүн төлөм Кыргызстанда 40 еврону түзөт, ошондой эле жыл сайын 10 евро төлөнүп турушу керек.

Спикерлердин айтымында, бул каражаттар уюмдун кеңседеги муктаждыктарына, Лондондогу башкы кеңсеге жумшалат. Лондондогу кеңсе түшкөн каражаттарды ар кандай иш-чараларды каржылоого жумшайт, жана оор жашоо-шарттарында жашаган жазуучуларга грант түрүндө жиберет.

Пикир

Оставить комментарий