• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

КРнын жана Сауд Арабиянын ТИМ башчылары Нью-Йоркто жолугушуу өткөрүштү

Саясат 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында Сауд Арабия падышалыгынын тышкы иштер министри Адел Аль-Жубейра менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу учурунда тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгы жана анын өз ара кызыкчылыгын көрсөткөн өнүгүү келечегин талкуулашты.

Ошондой эле саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу мамилелердин алдыдагы өнүгүүсү боюнча, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери козголду.

Пикир

Оставить комментарий