• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын жараны эгизинин паспорту менен Казакстанга кетүүгө аракет кылган жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.11.18 /Кабар/. “Чоң-Капка - унаа жолу” көзөмөл өткөрмө пунктунда башка бирөөнүн паспорту менен Казакстанга кетүүгө аракет кылган КРнын жараны кармалды. Бул жөнүндө КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Билдирүүгө ылайык, текшерүү маалында кармалган кыз 1996-жылы туулган З.Р. аттуу жарандын наамындагы паспортту көрсөткөн.

Маалым болгондой 1996-жылкы Ф.Р. аттуу кызы Казакстанга чыгууга чектөө коюлгандыктан эгиз бир тууганынын паспортун колдонгондугун айткан.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран КР УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий