• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын жашыл экономикасын киргизүү - бул БАдагы экологияны сактап калууга кошкон салым - Аскаров

Коом 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын жашыл экономикасын ишке киргизүү - бул бүтүндөй Борбордук Азиядагы экологияны сактап калууга кошкон салым. Бул тууралуу “Жашыл экономика” форумунда КРнын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров билдирди.

Анын айтымында, жер-суу кендерин, биологиялык ар түрдүүлүктү, энергетикалык потенциалды, айыл-чарба жана тоо ландшафтарын туура, эффективдүү колдонуу аркылуу өлкөнүн өнүгүшү тууралуу узак мөөнөттүү программа ишке ашууда. Мунун бардыгы жашыл экономиканын негизи.

“Жогорку Кеңеш жашыл экономиканын негизги концепциясын бекитти. Ушул тапта өкмөттүн программасынын жана Жогорку Кеңештин концепциясынын алкагында жашыл экономиканы ишке киргизүүчү аспаптар иштелип чыгууда”, - дейт ал.

Вице-премьердин билдирүүсүндө, өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасында жашыл экономиканын элементтерине аяр мамиле жасоо эң биринчи орунга коюлган.

Андан тышкары, Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу региондун суу мунарасы болуп келет. Ошол себептен, жашыл экономиканы ишке киргизүү – бүтүндөй Борбордук Азиядагы экологияны сактап калууга кошкон салымы деп белгиледи З.Аскаров.

Пикир

Оставить комментарий