• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КРСУда Нооруз майрамына арналган иш-чаралар өтөт

Маданият 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин башкы корпусунун алдындагы аянтта 2017-жылдын 21-мартында Нооруз майрамына арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Нооруз – бул мусулман өлкөлөрүндө кеңири белгиленген Жаңы жыл майрамы. Анын тамыры тарыхтын тереңдигине кетет. Биздин доорго чейинки 6-кылымда бул күндү азыркы Ирандын аймагында белгилешкен. Нооруздун башталышы жаратылыш ойгонгон, жазгы күн түндүн теңелүүсүнө дал келет. Бул күнү согуштарды токтотуп, таарынычтарды кечиришип, пикир келишпестиктерди чечишкен. Адамдар майрамдык кийим кийишип, эң жакшы даамдарды жасашкан.

КРСУнун алдындагы аянттагы Нооруз майрамы аластоо жөрөлгөсү менен башталат. Андан соң университеттин жыйын залында Эл аралык Нооруз майрамына арналган чоң концерт өтөт. Мында КРСУнун чыгармачыл студияларга катышкан таланттуу студенттеринин өнөрлөрү тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий