• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРУБ: Ички валюталык рынок туруктуулукту сактоодо

Экономика 0

Бишкек, 26.09.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Ички валюталык рынок туруктуулукту сактоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыгда КР Улуттук банкынын төрагасы Нурбек Жеңиш билдирди.

Ал белгилегендей, 2017-жылдын башынан тарта улуттук валюта 1,1%га бекиген. 2017-жылдын сентябрында Улуттук банк ички валюталык рынокко катышкан эмес.

“Ачка-насыялык шарттар экономиканын тармагын өбөлгөлөө чараларын колдоону улантууда. Өлкөнүн банктык тутуму улуттук валютада ликвидациялоонун жетиштүү деңгээлине ээ”, - деди Н.Жеңиш.

КРУБнын учурдагы божомолдоолору боюнча инфляциянын деңгээли жакынкы мезгилде орточо белгиленген 5-7% деңгээлине жакындайт.

Ал белгилегендей, Улуттук банк үзгүлтүксүз негизде инфляцияга таасир берүүчү ички жана тышкы факторлорду баалайт, экономикалык кырдаалга карата тиешелүү акча-насыялык саясат чараларын көрөт.

Пикир

Оставить комментарий