• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРУБ: КРда жыл башынан бери экономикалык өсүш 2,1% түздү

Экономика 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Ички дүң продукциясынын реалдуу өсүшү 2018-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча 0,3% кыскарган. “Кумтөр” алтын кен ишканаларын эске албаганда, экономикалык өсүш 2,1% түзгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, экономиканын алгылыктуу өсүшү айыл-чарба, курулуш, соода жана транспорт тармактарында байкалат.

“Монетардык тармакта оң тенденция сакталууда. Банк тутумунда ашыкча ликвиддүүлүк сакталууда, бул банктар аралык кредиттик ресурстар рыногунда айрым активдүүлүктүн төмөндөшүн шарттайт. Мындай жагдай Улуттук банк тарабынан ашыкча ликвиддүүлүктү алуу боюнча операциялардын жүргүзүлүшүн аныктайт”, - деп билдирди Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий