• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КСДП депутаттары: "Бизди бир тууган эл деп атап, бирок керек болсо, келечекте да чек араны тосуп коёрун убада кылган Казакстандын Президентинин сөздөрү иренжитти"

Коом 0

Бишкек, 18-март /Кабар/. «Бизди бир тууган элдербиз деп атап, эгерде керек болсо, болочокто да чек араны тосуп коёрун айткан Казакстандын Президентинин сөздөрү бизди терең иренжитти”, - деп түшүндүрмө беришти КСДП фракциясынын депутаттары Рыскелди Момбеков менен Евгения Строкова Казакстан Республикасынын Президентинин сөздөрү тууралуу. Бул тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы билдирди.

Алардын айтымында, бизди бир тууган элдербиз деп атап, эгерде керек болсо, болочокто да чек араны тосуп коёрун убада кылган Казакстандын Президентинин сөздөрү аларды терең иренжиткен.

«Адегенде эле белгилеп кетчү нерсе, биздин өлкөлөрдүн элдери ортосундагы достук кылымдар бою калыптанган жана аны эч ким буза албайт. Ал эми кеп айрым саясатчылардын катачылыктары жөнүндө болсо, анда төмөндөгүнү тактап койгубуз келет. Назарбаевдин эсинен чыгып кеткендир, же ага туура эмес маалымат жеткиришкендир, бирок, 7 апрелде анын алдында Бакиевдин режими мыйзамсыз камаган оппозиция лидерлери, саясий камактагылар гана абактан бошотулган. Бир дагы кылмышкер түрмөдөн чыккан эмес, демек бул чек аранын буулуп калышын актай алган кеп эмес”,- деп белгилешет депутаттар.

Социал-демократтардын пикири боюнча, Астана 7-апрелде Бишкекте болуп өткөн кайгылуу окуялардын кесепеттерин алгачкы бир нече күн бою баалаганында эч кандай айып жок. “Бул мыйзам ченемдүү. Бирок кептин баары бул, жумшак айтканда, “баалоо, же талдоо” бир жарым айга созулуп кеткенинде жана чынында бул ачык эле достукка окшобогон кадам болгонунда жатат. Нурсултан Назарбаевдин эл тарабынан кулатылган Бакиевдин режиминин “мыйзамдуулугуна” басым жасаганы да адам катары бизди кабатырлантты. Курманбек Бакиев өзү революциянын толкуну менен бийликке келген. Бирок, ырас, ал кийин революцияга чыккынчылык кылды жана акырында өз жарандарына кызыл кыргын салып туруп, качып кетти. Баса, сөз болуп калган соң айта кете турган нерсе, 7-апрелдеги революциядан кийин расмий түрдө эл аралык издөөдө жүрүшкөн Бакиевдин бир туугандары, жакын туугандары жана анын айлана-тегерегинде жүргөндөр Казакстандын аймагында тойлорду өткөрүп жүрүшкөнүн билебиз. Эмнегедир аларды эч ким кармап, биздин өлкөнүн укук коргоо органдарына өткөрүп берген жок. Ушул да союздаштык мамилеби, чындык кайда? Бул бизге түшүнүксүз », - деп белгилешет КСДП фракциясынын депутаттары.

Депутаттар ошондой эле Казакстан лидеринин Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан жардам тууралуу сөздөрүнө байланыштуу өз пикирин айтышты: «Кыргыз-казак инвестициялык фондусунун алкагында бир тууган Казакстан бизге бермек болуп убада кылган 100 млн доллар жардамдын али деле “келе жатканы”, бул фонддун түзүлгөнү менен кийин иштебей кайра жабылганы эсибизде. Ушундан кийин биз кошунабыздан олуттуу жардам күтсөк болобу?»

Албетте, эми өткөн таарынычтарды унутуп, илгери үмүт менен алга басышыбыз керек. Бирок “Керек болсо, - чек араны дагы жабам” деген сөз ЕАЭБ жана ЖККУ боюнча союздаштарга карата айтыла турган сөз эмес, биздин оюбузча, бул досчулукка да, бир тууганчылыкка да жатпайт», - деп белгилешти социал-демократтар.

Депутаттар Казакстандын жетекчилерине караганда карапайым казакстандыктар бизди колдошо турганын жана 30-жылдардагы ачарчылык учурунда кыргыздар боордош казактар менен бир сындырым нанды бөлүшүп жеп, иш жүзүндө боордош республиканын көптөгөн жашоочуларын өлүмдөн сактап калганын унутушпаганын эске салышты.

Пикир

Оставить комментарий