• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КСДП фракциясы вице-спикерликке Аида Касымалиеванын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы төраганын орун басарлыгына Аида Касымалиеванын талапкерлигин жактырды.

Бүгүн КСДП фракциясынын отурумунда орун алмаштырууга байланыштуу Асель Кодуранова ЖКнын төрагасынын орун басары кызматынан чакыртылып алынган. Анын ордуна депатут Аида Касымалиеванын талапкерлиги каралган.

Анын талапкерлиги парламенттин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселе жана оегламент боюнча комитетинин отурумунда, андан соң Жогорку Кеңештин отурумунда каралат.

Эске салсак, Кодуранова вице-спикер болуп 2017-жылы 1-ноябрда дайындалган болчу.

Мыйзам боюнча, төраганын эки орун басары бар, бирөө көпчүлүк коалициядан, экинчиси оппозициядан дайындалат.

Пикир

Оставить комментарий