• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КСДП фракциясында Өкмөттүн экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маалыматы угулууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.03.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Өкмөттүн Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча маалыматын угуп жатат. Жыйынга вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркуловдун айтымында, азыркы учурда өлкөдөгү экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу өтө орчундуу маселелерден болуп саналат. Ал түздөн-түз Кыргызстан калкынын келечеги менен тыгыз байланышкан. "Ошондон улам, жыйын жүрүшүндө КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын маалыматтары угулууда", - деди фракция башчысы.

Акыркы жылдары дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда климаттын өзгөрүүсү экологиялык чөйрөнүн бузулушуна алып келди. Адамдардын жандуу жаратылышка карата кайдыгер мамилеси абалды андан бетер татаалдаштырууда. Өзгөчө Борбордук Азия чөлкөмүндө суунун тартыштыгы жаралышы мүмкүн деген кооптонуулар жаралып жатат.

Азыркы учурда Кыргызстанда жалпы көлөмү 8077 куб чакырым 8208 мөӊгү болсо, 2100-жылы 495 куб чакырымга чейин эрип жок болушу ыктымал деген божомол бар.

Кыргызстандын аймагында 250 млн куб метр радиоактивдүү уулуу калдыктар көмүлгөн 92 объект жайгашкан. Алардын бузулушу жалпы Борбордук Азия чөлкөмүндө жашаган 5 млн адамга залакасын тийгизиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий