• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КСДП Иса Өмүркуловду партиядан чыгарды

Саясат 0

Бишкек, 01.11.18 /Кабар/. КСДП партиясынын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиянын тизмесинен чыгарды. Чечим 31-октябрь күнү саясий кеңештин жыйынында кабыл алынган.

Маалым болгондой, аны “партиянын негизги максаттарына, уставына жана милдеттерине карама-каршы келген иш-аракетине байланыштуу” мүчөлүктөн чыгарышкан.

Иса Өмүркулов бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, өзү тарабынан “партиянын негизги максаттарына, уставына жана милдеттерине карама-каршы келген иш-аракеттер” болбогондугун кабарлады.

“Мен бул партия менен жакшы-жаманды да чогу өттүм. Өзүмдүн жеке жашоомо коркунуч келип турган учурда да бул партия менен бирге болгом”, - дейт ал.

Ал КСДПнын бул чечими легитимсиз экендигин айтты, анткени протокол жана жыйынга ким катышкандыгы тууралуу эч кандай тизме жок.

Пикир

Оставить комментарий