• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КСДП Кыргызстандын президенттик кызматына талапкер маселесин карай элек - Төрөбай Зулпукаров

Саясат 0

Бишкек, 13 -февраль /Кабар/. КСДП Кыргызстандын президенттик кызматына талапкер маселесин карай элек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КСДПнын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн маалымат агенттиктеринин биринде КСДП мамлекет башчылыгына талапкер тандагандыгы тууралуу маалымат жарыяланган.

“Саясый уюмдун секретариатында өлкө президентинин демилгеси менен социал-демократтардан Кубанычбек Кулматов көрсөтүлгөнүн айтышты, ал учурда “Россия-кыргыз өнүгүү фондун жетектөөдө”, -деп айтылат маалыматта.

Т. Зулпукаровдун айтымында, партия бул маселени азырынча талкуулай элек.

“Менде мындай маалымат жок. Биз азырынча эчтеме айта албайбыз. Бул маселени карай элекпиз”,-деди ал.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын декабрында Президент А.Атамбаевдин ыйгарым укугу аяктайт. Буга чейин мамлекет башчылыгына талапкерликке ат салышууну саясатчылар А.Мадумаров, Б.Төрөбаев,Т.Сариев билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий